Header

12-декабрь күнү кечинде залкар жазуучу, кара сөздүн манасчысы жана улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү. Бул салтанатты уюштургандар – Берлиндеги кыргыз элчилиги жана «Митра» атындагы орус тилдүү ата-энелер менен мугалимдер коому болду. Жыйынга коңшу өлкөнүн элчилери, маданият жана адабият таануучулар, улуу жазуучу менен үзөнгүлөш, шериктеш инсандар жана анын бир катар жердештери катышты. (more…)

Бир жумадан бери Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Германияны кыдырып, ар кандай деңгээлдеги жолугушууда жүрөт. Алардын ичинде канцлер Меркел менен жолугушуу, Киел шаарындагы эл-аралык экономикалык форум, Фридрих-Эберт фондундагы, Гумболт университетиндеги лекциялары жана кыргыз элчилигиндеги кыргыз жердештер менен жолугуусу бар. Роза Исаковна немис элине Борбор Азиянын эң белгилүү жана өзгөчө саясатчысы катары таанымал. Ошон үчүн анын Фридрих-Эберт фондусундагы лекциясына көптөгөн немис саясатчылары: мурунку Юстиция министри, Бундестаг депутаттары, кыргыз-немис маданий уюмдун мүчөлөрү жана Роза айым менен үзөнгүлөш саясий ишмерлер жана дипломаттар келишти. (more…)