Header

thumbKеле жаткан дем алыш күдөрү Дидерсдорф сарайынын ээси Берлиндеги элчиликтер менен бирдикте эл-аралык пикник уюштурат (тагыраак маалымат: DELICANTO FESTIVAL). Бул иш чара Бундестагдын жана Берлин шаары фондусунун (Berlin City Foundation) демилгеси менен өтмөкчү. Пикниктин максаты - эл-аралык жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзүү. Бул максатты колдоо иретинде ар кандай кулинардык алмашуу жана маданий иш чаралар даярдалууда.

(more…)

Nouruz 2014Жаздын келиши менен Кыргызстанда эл малын айдап, үй-оокатын жүктөп, боз үйүн таңып жайлоого сапар алса, Берлиндеги кыргыздар жоро-жолдоштору менен коңшулаш Потсдам шаарын көздөй жөнөйт. Алардын бараар жери - жергиликтүү сейил бакта тигилген эки кыргыз боз үй. Орто көлөмдөгү жумурткадай болгон боз үйлөр кыргыз жерине ашык болгон Матиас Михелге таандык жана акыркы жылдары ар түрлүү жолугушуулардын жана кечелердин ордосуна айланууда. Берлиндеги немис-кыргыз маданий коому бул жерде үч жылдан бери жаздын келишин, мусулмандардын жаңы жылы – Нооруз майрамын белгилеп келет. Аземге Кыргыз Элчилиги да өз салымын кошуп турат. Барган сайын коноктордун саны арбып, улам башка улуттун өкүлдөрү аралашып, кээ бир меймандар башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн ат арытып, жол карытып атайын майрамга келчү болушту. (more…)

Жаздын эрте келиши, жер карайып, мемиреп күндүн тийиши менен апрель айынын он үчү күнөстүү болот деген үмүтүбүз абдан чоң. Анткени бул жекшемби күндө силер менен Потсдам шаарындагы НОМАДЕНЛАНД аянтында жаз майрамын жана Ноорузду белгилейли дейбиз. Майрам бул жолу да Матиастын боз үйлөрүндө өтөт. Буга чейинки майрамга катышкан болсоңор, анда боз үйдүн кайда жайгашканын жакшы билесиңер: аянтка кире бериште Буга (Buga) деген жазуу бар.

Майрамдын конокторун жылдагыдай эле кыргыздын даамдуу тамактары,  ар кандай оюн-зооктор жана кызыктуу маектер күтөт. Андан тышкары майрамда КазГердин (казак-немис коому) мүчөлөрү менен таанышып, алардын даярдап келген иш-чарасына күбө болосуңар жана бирге көңүл ачасыңар. (more…)

Gundula_200силердин көңүлүңөрдү акын-сатирик, жазуучу жана санжырачы Жапар Кенчиевдин жакында жарык көргөн «Сарыбагыш санжырасына» жана анын немис тилиндеги котормосуна бурaбыз. Баарыбызга белгилүү, дарактын тамыры бир болсо да, андан бир канча чоңураак бутак, ал чоң бутактан бир канча орто бутак, орто бутактан бир канча майда чырпыктуу бутакшактап, айрылып чыккандай, адамдардын негизги түбү бир болсо да андан бир нече бала, ал балдардан бир нечелеген балдар айрылып урууларды, уруулар биригип улутту түзөт. Уруулардын жана улуттун келип чыгышы да дарактын шактап айрылышына окшогондуктан буга «шежере» деп наам берилген. Муну биз өз тилибизге багындырып «санжыра», «сажыра» деп жүрөбүз. (more…)

Урматтуу Достор!

Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулу Др. Эберхард Хаас мырза жана анын жубайы Андреа Хаас айым Бременде жана анын аймагында жашап жаткан кыргызстандыктарды жана Кыргызстандын досторун 2014-жылдын 16-мартында саат 13:00 боло турган Нооруз жаз майрамына арналган кечеге чакырат.

Жообун 2014-жылдын 16-мартына чейин бул дарекке билдирүүнү суранабыз: haas@haas-bremen.de же тел. 0421- 236338.