Header

Bild51-апрелде Берлин шаарында «Немис Коому» (Deutsche Gesellschaft e. V.) үйүндө «Кыргызстандын тарыхындагы немистер» аттуу тарыхый көргөзмө ачылды. Аталган көргөзмө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондусу аркылуу уюштурулуп, өткөн жылдын октябрь айында, мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлгөн. Айта кетмекчи, бул иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстандагы немистердин эл кеңеши, Гёте институту, Конрад Аденауэр фонду, «Интергласс» компаниясы колдоо көрсөтүшкөн. (more…)

Nouruz 2014Урматтуу мекендештер жана достор,
Нооруз майрамыңар кут болсун! Жаңы жыл жаздын башталышы, күндүн жылышы жана жердин карайышы менен силерге ден-соолук, узун өмүр жана жаңы күч тартууласын.

Аба-ырайына байланыштуу биз Ноорузду бул жылы 18-апрелде, адаттагыдай эле Потсдамдын НОМАДЕНЛАНД жайлоосунда белгилейбиз. (more…)

Tina von WolffersdorfЧокусун кар менен мөңгү каптаган Тянь-Шандын бийик тоолору тоо ылдый аккан мөлтүр сууларды, көлдөрдү, ар кыл токойлорду, шалбаалар менен талааларды жана табигый жайыттарды курчап турат. Жергиликтүү элдин отурукташканына 100 жылдан ашуун убакыт өтсө да көчмөн тиричилик ошол бойдон калган сыңары. (more…)

20142609_2_IMG_FIX_173x173Биз өткөн жылы БЕРЛИНАЛЕ дүйнөлүк кинофестивалында Мириам Лойзенин «Эркиндиктин гүлдөрү» аттуу даректүү тасмасын көрүп гана тим болбостон, тасманы тарткан топ жана башкы кармандар менен таанышып, алар менен бетме-бет талкуу жүргүзүүгө да жетишкенбиз. Тасмада Кыргызстандагы экологиялык абал, адам укуктары, аялдардын көйгөйлөрү жана соңку жылдардагы саясий кырдаалдар камтылган (dkk-verein.com). Көңүлүбүзгө төп келген ошол жолугушууда бул тасманын жергиликтүү кино-театрларда көрсөтүлүшүн абдан каалаган элек. Тилегибиз эми ишке ашып, бул тасма BRAVEHEARTS International коомунун жардамы менен 26-марттан баштап Германиянын бир нече шаарларында көрсөтүлмөк болду. (more…)

WeihnachtУрматтуу кыргыз-немис маданий коомунун мүчөлөрү жана достору, кымбаттуу жердештер,

эски жылды ийгиликтүү узатуу менен силерди кирип келе жаткан 2015-жаңы жылыңар менен куттуктайбыз!
Жаңы жыл силер үчүн бакыт, ийгилик жана кут-береке алып келген түшүмдүү, жакшы жылдардын бири болсун. Баарыңардын ой-максаттарыңар ишке ашып, каалоолоруңар орундалсын. Силердин аман-эсен жана ден-соолукта болууңарга тилектешпиз. Ардактуу мекенибизде ар дайым ынтымак, тынччылык жана биримдик болсун. (more…)