Header

Биз жөнүндө

Кыргыз-немис маданий коому Германия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты колдоо жана ага өбөлгө түзүү үчүн атайын ачылган коомдук уюм. Биздин максатыбыз жаш кыргыз өлкөсүнүн маданиятын жана көркөм өнөрүн Германиянын элине тааныштыруу жана эки элдин ортосундагы жолугушууларга мүмкүнчүлүк түзүү. Ал үчүн биз ар кандай көргөзмөлөрдү, лекцияларды жана презентацияларды уюштурабыз. Берилген тематика кыргыз улуттук кол-өнөрчүлүктөн тартып адабият, музыка жана заманбап дизайнга чейин жетип, айтор чеги жок десе болот.

Кыргыз-немис маданий коому эч кандай саясий максатты көздөбөйт жана диний же экономикалык байланыштардан алыс. Биздин уставда бекитилген иш-аракетибизге жана негизги максаттарыбызга тектеш келген башка коомдук бирикмелер менен бирге иштешүүгө ар дайым ынтызарбыз.

Кыргыз-немис маданий коому 2009-жылы Берлиндеги Кыргызстандын күйөрмандарынын: студенттердин, мигранттардын жана немис жеринде иштеп жана отурукташып калган кыргыз жарандарынын демилгеси менен түптөлгөн. Уюм 2010-жылдын февраль айында 29117 Б номуру менен Берлин-Шарлоттенбург райондук соттун коомдук бирикмелер каттоосунан өткөн.

Коомго мүчө болуу уюмдун ишин колдогусу келген бардык инсандар үчүн мүмкүн. Уюмдун иш-аракет статусу, мүнөзү жана мазмуну, негизги милдеттери жана максаттары аныкталган эрежелер жыйындысы бул уставда Satzung.pdf жайгашкан.