Header

Ишенбеков Айбек

aibek_portraitКыргызстандын учурдагы жаш сүрөтчүлөрүнүн бири – Ишенбеков Айбек (Самат) 1991-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.

Бишкектеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн соң, өз алдынча чыгармачылык сапарын баштаган. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда, Айбек өзүнүн сезимдерин, кыялдарын, дүйнө таануусун жана жашоого болгон көз караштарын матага түшүрүп, күйөрмандары менен ички дүйнөсүн бөлүшүп келет. Жаш сүрөтчүнүн авангард, заманбап, абстракция, импрессионизм жана реализм багытындагы иштери мекендин жаратылышын, күнүмдүк тиричиликти, адабий чыгармаларды, андагы каармандарды жана окуяларды, аны менен бирге өзүнүн басып өткөн жолдорун чагылдырат.

Ар бир өнөрпоз адам катары, Айбек өзүнүн айлана-чөйрөсүнөн, жасаган саякаттарынан жана чет-жердин маданиятынан таасир алат. Айрыкча Европадагы, анын ичинен Германиядагы көркөм сүрөт, архитектура жана галереялар сүрөтчүнүн табитин тартып, талбай изденүүгө шыктандырат.