Header

Садырбек Макеев

Bild_VaterСадырбек Макеев (1954 ж. Нарын облусу, Кочкор району) учурдагы Кыргызстандын белгилүү сүрөтчү-бедезчилеринин бири, сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү жана Ормон Хан орденинин ээси. Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң Макеев чыгармачылык жолун медал жасоо менен баштаган. 1982-жылдан бери эл-аралык жана улуттук көргөзмөлөрдүн жана симпозиумдардын туруктуу катышуучусу. Жеке көргөзмөлөрү Түркияда, Германияда жана Францияда өткөн. Таштан жана бетондон жасалган иштери чет-элдик жана мамлекеттик, облустук, райондук жана жеке сүрөт ышкыбоздорунун үй музейлеринде орун алган. Садырбек Макеев Бишкектеги «Ормон Хан» айкелинин (Айдар Усупов менен бирге), Боом капчыгайындагы «Үркүн» мемориалдык комплекстин жана Төлөмүш Океевдин мемориалдык тактасынын автору. Ташка жан берген улуу бедезчинин колунан Чоң-Жар айылындагы композитор Мукаш Абдраевдин, Нарын шаарындагы кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын, Бишкек шаарындагы Грек-Рим күрөшүнүн дүйнөлүк чемпиону Раатбек Санатбаевдин, Балыкчы шаарында орнотулган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин эстеликтери жаралган.

2012-жылы өлкөнүн профессионалдык кинематографиясын алдыга жылдыруу максатында 12 номинация боюнча «Ак Илбирс» кино-сыйлыгы негизделген. Жеңүчүүлөргө тапшырылчу коло илбирстин статуэткасы ачык сынакта тандалган боюнча Садырбек Макеевдин колунан даярдалат.

Атактуу бедезчи учурда улуу сүрөтчү жана СССРдин эл артисти Сүймонкул Чокморовдун эстелигинин үстүндө иштөөдө. Ар тараптуу өнөрлүү адам катары Садырбек Макеев боекчулук кылат жана акындык сапатка ээ.