Header

Кыргызстандыктар арасында ѳтүүчү кичи-теннис турнири

Урматтуу кыргызстандыктар, урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин  шаарындагы Элчилиги, сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнѳ карата ушул жылдын 5-сентябрнда уюштурулуучу кичи-теннис боюнча  турнирине чакырат. Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Элчилигинин  имаратында ѳтѳт. Дареги: Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.
Спорттук  турнирден кийин катышуучуларга атайын даярдалган тамак-аш тартууланат. Андан тышкары кеченин алкагында кыргызстандыктар бири-бири менен пикир  алмашуусуна жана жаны кыргыз тасмасын кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк  тартууланат. Иш-чарага катышуу боюнча маалыматты жана алдына алуу  каттодон ѳтүү үчүн сиздерди «Кыргыз-клаб Германия» уюмунун электрондук  дарегине кайрылуунуздарды ѳтүнѳбүз: kyrgyzclub-germany@mail.ru же  Элчиликтин байланыш тел. 030-364-11-860.

Алдына ала программа:

13:00 - Элчиликте чогулуу, каттодон ѳтүү
13:15 – кичи теннис турнири
17:30 – Элчиликтин атынан кайрылуу жана сыйлык берүү аземи
18:00 – кечки тамак
19:30 – тасманын кѳрсѳтүлүшү
22:00 – кеченин аяктоосу

You can follow any responses to this entry through the RSS 2.0 Both comments and pings are currently closed.