Header
© Neue Visionen Filmverleih

© Neue Visionen Filmverleih

28-декабрдан баштап Германиянын кино-театрларында «Ат адамдын канаты» деп аталган тасма көрсөтүлөт!

«Ат адамдын канаты» деп башталган тасма күлүк аттарды уурдай качып минген, айылдыктар Кентавр деп атаган, бирок чын ысымы белгисиз каармандын турмушун чагылдырат. Ал камбар ата тукумун аяп, анын ыксыз союлушуна каршы турат. Бирок таптакыр өзгөрүп калган коом түшүнбөй, аны ууру атайт. Окуя тереңдеген сайын чоң темалардын, идеологиялардын карама-каршылыктарын көрүүгө болот.

(more…)

image4

Урматтуу айымдар, кыздар, апалар, энекелер
cиздерди 8-март - Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздерге жакшылык, ден соолук, иштериниздерге/окууларынызга ийгилик, алдыга койгон максаттарынар ишке ашырылышын каалайбыз!

DSC_0597бул жылдагы жолугушууну биз үчүн Актан Арым Кубаттын КЕНТАВР көркөм тасмасы баштап берди, эми кийинки иш-чара өзүбүздөн болмокчу. Кыргыз-немис маданий коому жылдагыдай быйыл да Потсдамдын НОМАДЕНЛАНД жайлоосунда Нооруз жаз майрамын белгилемекчи. Аба-ырайына байланыштуу бул күн 29-апрелге туш келди. Адаттагыдай БУГА сейил багында боз үйлөрдү тигип, казанга күрүч басып, шакарап, боорсок жана шишкебек жасап, самоорго чай коёбуз. (more…)

dscn5642Урматтуу кыргыз-немис маданий коомунун мүчөлөрү жана достору, кымбаттуу жердештер,

эски жылды ийгиликтүү узатуу менен силерди кирип келе жаткан 2017-жаңы жылыңар менен куттуктайбыз!
Жаңы жыл силер үчүн бакыт, ийгилик жана кут-береке алып келген түшүмдүү, жакшы жылдардын бири болсун. Баарыңардын ой-максаттарыңар ишке ашып, каалоолоруңар орундалсын. Силердин аман-эсен жана ден-соолукта болууңарга тилектешпиз. Ардактуу мекенибизде ар дайым ынтымак, тынччылык жана биримдик болсун.

Биз менен бирге болгула деп
Кыргыз-немис маданий коому

 

Урматтуу кыргызстандыктар, урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин  шаарындагы Элчилиги, сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  күнүнѳ карата ушул жылдын 5-сентябрнда уюштурулуучу кичи-теннис боюнча  турнирине чакырат. Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Элчилигинин  имаратында ѳтѳт. Дареги: Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.
Спорттук  турнирден кийин катышуучуларга атайын даярдалган тамак-аш тартууланат. Андан тышкары кеченин алкагында кыргызстандыктар бири-бири менен пикир  алмашуусуна жана жаны кыргыз тасмасын кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк  тартууланат. Иш-чарага катышуу боюнча маалыматты жана алдына алуу  каттодон ѳтүү үчүн сиздерди «Кыргыз-клаб Германия» уюмунун электрондук  дарегине кайрылуунуздарды ѳтүнѳбүз: kyrgyzclub-germany@mail.ru же  Элчиликтин байланыш тел. 030-364-11-860.

Алдына ала программа:

13:00 - Элчиликте чогулуу, каттодон ѳтүү
13:15 – кичи теннис турнири
17:30 – Элчиликтин атынан кайрылуу жана сыйлык берүү аземи
18:00 – кечки тамак
19:30 – тасманын кѳрсѳтүлүшү
22:00 – кеченин аяктоосу